Коронавируска чалдыккандардын саны 6 миңге жетти

    Мезгил

Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын  саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин билдирүүсү билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруга чалдыккандардын ичинен 1 миң 239 кишинин абалы оор деп бааланууда. Аны менен бирге 9,2 миң кишиде коронавирустун белгилери байкалган. Бирок алардын диагнозу тактала элек.

Ошондой эле 60 миңге жакын киши карантинге алынган.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *