Коронавирустан дагы 3 бейтап каза болду. Жалпы 20 адам

   Мезгил

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстанда дагы 3 адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдлирди.

 Анын айтымында, көз жумган бейтаптарда өнөкөт оорулары болгон.

Каза болгон бейтаптар:

– Ош облусундагы дарыгер (1969-жылы туулган) апрель айынан бери пневмония менен жабыркаган бейтаптарды дарылап келген.

– Оштун Кара-Суу районунун 1965-жылы туулган тургуну (айдоочу) 27-майдан бери ооруканада болгон. Анын жүрөгүнө 2019-жылы операция жасалган.

– 1936-жылы туулган маркум Нарын облустук ооруканада 9-майдан бери дарыланып жаткан. Коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон. 25-майдан бери абалы начарлап, эски дарттары козголуп, 2-июнда көз жумду.

Кыргызстанда коронавирус оорусу аныкталгандан кийин 20 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *