Коронавирустан дагы бир адам каза болду

 Мезгил

Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 67 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган бейтап коронавирустун оор түрүнө чалдыккан.

«Анда ошондой эле эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тарткан», – деди Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирустан  12 киши көз жумду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *