Коронавирустан дагы бир бейтап каза болду. Жалпы 17

   Мезгил

Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайнг брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, каза болгон аял 13-майдан бери ооруканада дарыланып жаткан.

“Анын диагноздору көп болгон. 29-майда реанимацияга которулга, 30-майда пневномияга күмөн болуп, инфекциялык госпиталга которулган. Бирок кечинде абалы кескин түрдө курчуп, көрүлгөн медициналык чараларга карабастан жүрөгү токтоп каза болду”, – дейт Үсөнбаев.

Үсөнбаев кошумчалагандай, өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *