Коронавирустан дагы эки бейтап каза болду. Бирөө 34 жашта

  Мезгил

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 2 бейтап коронавирустун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында экөө тең жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. 

Бейтаптардын бири Бишкек шаарынын 1938-жылы туулган (аял киши) тургуну. Ал кант диабети, гипертониялык оорулардан дарыланып жүргөн. Жүрөк оорусу да бар болчу.

Маркум «Автомаш-радиатор» ишканасында эмгектенген кызынан коронавирус аныкталгандан кийин байланышта болгон адам катары ооруканага жаткырылган. Оору аныкталгандан кийин эски оорулары козголгон. Андан 30-майда оору аныкталып, 4-июнда каза болду.

Экинчи бейтап Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну (аял киши). Ал облустук ооруканада дарыланып жаткан. Маркумга коронавирус бейтап менен байланышкандан кийин жуккан. Мурун ак кан дартынан дарыланып жүргөндүктөн коронавирустун кесепетинен оорусу күчөп кеткен.

Кыргызстанда коронавирус оорусу аныкталгандан кийин жалпы 22 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *