Ноокат: Коронавирустан каза болгон жарандын жаназасына 5-6 адам гана катышты

   Мезгил

Бүгүн, 3-апрелде Кыргызстанда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды.

Маалыматка ылайык, ал 61 жаштагы Ноокаттын тургуну болгон. 

  Анын жаназасына 5-6 адам гана катышты. Бул тууралуу  Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

 Анын айтымында каза болгон жарандын жаназасына тууган уруктарынан эч ким катышкан жок. Жаназага 5-6 адам гана катышты. Эртең бул тууралуу медицина кызматкерлери кененирээк маалымат берет дейт Нурдинов.

Белгилей ктесек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 130га жетти. алардын ичинен 5 жаран айыгып чыкса бир адам каза болду. 

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *