Коронавирусту дагы 5 медицина кызматкери жуктуруп алды

  Мезгил

Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 дарыгер жуктуруп алды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, 10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды.

Буга чейин 34 дарыгер коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Илдетти дагы беш медик жуктуруп алды. Бүгүнкү күндө коронавирус 39 медкызматкерден табылды. 

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *