Коронавирусту дагы 75 адам жеңди

   Мезгил

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстанда коронавирустан айыккан 75 адам ооруканалардын чыкты.  Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.   

Ооруканадан жаңы чыккандар:

– Бишкек шаарында 23;

– Чүй облусунда 18;

– Ош шаарында 4;

– Ош облусунда 2;

– Жалал-Абад облусунда 3;

– Баткен облусунда 20;

– Нарын облусунда 3;

– Талас облусунда 2.

Республика боюнча жалпы 3735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1897 киши айыкты.

Жалпысынан республика боюнча коронавирустан 5632 адам айыкты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *