“Коронавиурс менен ооруган жокмун” деген аялдын ооруканадан чыгып аткан видеосу жарыяланды(видео)

Кечээ, 4-апрель күнү Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 24-25 жаштагы эки жаш жигит жана Аксы аймактык ооруканасынан 45 жаштагы аял коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын билдирген. Бирок ошол эле күнү социалдык тармактарда “Аксыдагы коронавирустан айыгып чыкты деген аял менмин, бирок мен ал оору менен ооруган жокмун, дары ичкен жокмун, болгону 14 күн карантинде жатып чыктым” деген аялдын видеосу тараган.

Буга бүгүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жооп берди.

 Анын айтымында, ал аялда коронавирус болгон жана ага дары-дармек берилип ооруканада дарыланган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *