Коррупция менен күрөшүү эсебине УКМК 6 миллиондой сом которду

Мезгил. 

УКМК коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттар топтолчу эсепке 5 миллион 893,3 миң сом которду. Бул тууралуу коопсуздук кызматынан билдиришти.

Иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Ф.Т.” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө салык текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган ЖЧК Ысык-Көл облусунда иштейт жана “Кумтөр оперейтинг компани” ЖАКына транспорттук кызмат көрсөтөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында, 3 миллион 56, 4 миң сом салык төлөмдөрүн төлөбөгөн факт аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген чыгымдар толугу менен кайтарылып алынган.

Андан тышкары, Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аудиторлук текшерүүсүнүн негизинде, Тоң районундагы социалдык имараттардын курулушунда курулуш материалдарынын санын ашыкча кылып белгилеген факт да ачыкка чыккан. “Ш.К” ЖЧК курулуш компаниясы кылмыш иши боюнча чыгымды ордуна келтирүү алкагында 1 миллион 268, 2 миң сом кайтарды.

Дагы башка кылмыш иштеринин негизинде да 1 миллион 568,6 миң сом мамлекеттик казынага кайтарылган. Ушундай абалда бирдиктүү депозиттик эсептин ачылганынан бери  УКМК жалпысынан 149 миллион 493,3 миң сом которгон.

Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын 3-июлунда ачылган.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *