Коррупция жеңилеби, же жеңеби? Жемкорлукка каршы турган эки айым президенттен коргоо күтүшүүдө

Мезгил. 

Мамэкотехинспекциянын мурдагы маалымат катчысы менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

“Кыргыз темир жол” ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева ишкананын ичиндеги коррупциянын бетин ачып,   президент Сооронбай Жээнбековдон коргоо сурады. Ал буга чейин да кайрылуу жолдогон, бул аракети жемкорлорго жакпай калгандыктан, басмырлоого туш болгонун айтып чыкты.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизге коррупциялык фактылар тууралуу  видеокайрылуу жолдогонумдан кийин  темир жолдун жетекчилиги тарабынан мага басмырлоолор башталды. Мага каршы эмгек жамаатты тукурушуп, кол топтоп, маалымат жыйындарын өткөрүшүп, кадыр-баркыма шек келтиришүүдө. Аны менен катар баңгизаттарды ташуу сыяктуу оор кылмышка да айыптап жатышат. Транспорт министринин орун басары Азимбек Жусубалиевге жолугууга аракет жасадым, бирок, ал мени кабыл алган жок. Менин сизге кайрылуумдун алкагында кылмыш ишин ачышты. Аны акыр аягына жеткирүүгө көзөмөл кылышыңызды суранам. Эгер кылмыш иши максатына жетпесе, менин кызым энесиз калышы мүмкүн”, – деген кайрылуусундагы поездде узатуучу болуп иштеген Алия Асанбаева.

Жакында эле Мамэкотехинспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева да инспекциянын ичиндеги коррупциялык иштердин бетин ачууга жасаган далалалы үчүн кызматтан алынганын жарыялаган. Ал коррупциялык схеманын башында статс-катчы Таалай Асылбеков, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Самат Керимкулов жана каржы-экономикалык башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Жумашева турганын ачыктаган.

Мамбеталиева президентке кайрылуу жолдогон. Ал дагы кайрылуусунда коррупционерлердин тийиштүү жазасын алышаарына ишеним артып, мамлекет башчыдан коргоо үмүт эткен. Мурдагы маалымат катчынын эки кызы бар экени, аларды жалгыз бой чоңойтуп жатканы маалым.

“Мага жана менин үй-бүлөмө коркунуч туулуп жатат. Урматтуу президент, мага жана жакындарыма тийиштүү коргоо орнотуп берээриңизге ишенем”, – дегп суранган кайрылуусунда.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга катуу күрөш жүргүзүүнү убадалаган. Ал жемкорлук менен күрөшүүдө жакындарын да аябай турганын белгилеген.

Булак: Мезгил Ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *