Кош бойлуу аялдар жана жаш балдар. Бүгүн Бишкекке Россиядан 450 кыргызстандык келди

   Мезгил

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарына Россиядан 450 (393 чоңдор жана балдар) кыргызстандык келди.  Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, алар «Аэрофлот – Россия авиалиниясы» авиакомпаниясынын Москва—Бишкек каттамы менен келишти.

  Аталган каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынын дарыгерлери жана Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тактап айтканда, жүрүнчүлөрдүн тизмеси кыргызстандык жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлүп, кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар аялдар тандалды. Ошондой эле учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жүргүзүлбөгөн «Аэрофлот» компаниясынын авиабилеттери барлар (ушул категориядагы) эске алынды.

Келген жарандар белгиленген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияда болушат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *