Космосбек Чолпонбаев менен Алтынай Өмүрбекова кызматтан кетти

  Мезгил

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык,   Конституциянын  87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык,   вице-премьер-министр  кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана  саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *