Кожобек Рыспаев: Айына 400 миң айлык алган жетекчилер бар экен

Мезгил

Депутат Кожобек Рыспаев Кесиптик кошуун бирликтеринин катардагы кызматкерлеринин эмгек акылары болгону 5 миң сом, ал эми тоо-кен металлургия тармагын караган   Жакыпов айына 400 миң сом алып тургандыгын айтты.

Ал бул тууралуу “Кесиптик кошуун  бирликтер тууралуу” мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отурумунда  билдирди.

    Эл өкүлү  Кесиптик кошуун бирликтеринин каржылык ишмердүүлүгү жөнүндө айтып чыкты. Анын айтымында, Кесиптик кошуун бирлиги федерациясынын объектилери натыйжасыз башкарылууда, алардын айрымдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен же мыйзамсыз сатыкка чыгарылган.

 «Аймактардагы Кесиптик кошуун бирликтеринин катардагы кызматкерлеринин эмгек акылары болгону 5 миң сом. Ошол эле маалда кесиптик кошуун бирлик уюмдарынын жетекчилеринин маяналары 60 миң сомдон 159 миң сомго чейин жетет экен. Мындан сырткары, 244 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөмдөр дагы бар экен. Ошондой эле  тоо-кен металлургия тармагын караган  Жакыпов айына 400 миң сом алып турган” дейт К.Рыспаев.

 Депутат муну менен катар эле кесипти кошуун бирлигинин каражаты мүчөлүк акылардын эсебинен түзүлө тургандыгын эске салды.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *