Кожобек Рыспаев: Бишкекте ооруканалардын абалы ыйлагыдай абалга жетиптир. Жеринен көрүп келели

    Мезгил

  Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев оорукалардын абалы мышык ыйлагыдай деди.  Ал өкмөт башчыныны катышуусунда депутаттар менен биргеликте ооруканалардын абалын жеринен көрүп келүүнү сунуштады.

 -Комитетке  тапшырма берип койсок. Туугандарым  ооруканага түшүп калып, он күндөй ооруканада болуп калдым. Ооруканалардын абалын көрсөңүз ыйлагыдай абалга жетип калыптыр. Премьер-министр,     депутаттардын катышуусу менен жеринен барып көрүп келсек. Кордиологический оорукананы карагыла. Ымыркай балдар жатат болгону төрт койкада. Эшикке чыксаң 25 ата-эне ыйлап турат. Экстренный операция  болуп жатат ал эми төртөө күтүп  турат.    Андан тышкары лифт үзүлүп кетип иштебей калып жатат.  Ушундай абалга жетип калыптырбыз. Анан госпиталдын кебетеси, короосу жеринен барып, ошол врачтар менен сүйлөшүп, премьер-министрдин катышуусу менен каалоочу депутаттар болуп  чогу барып келсек. Тиешелүү комитетке тапшырма берсеңиз андан кийин анан чечим кабыл алсак-дейт депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *