КР ДИМК диний уюмдарды үзүрлүү кызматташтык үчүн сыйлады

  Мезгил

Бүгүн, 22-июнда  КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Муфтий Максатбек ажы Токтомушевду, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниилди жана “Адеп Башаты” диний уюмунун жетекчиси Автандил Жусупбековду өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими учурунда муктаждарга кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР ДИМКнын ыраазычылык каты менен сыйлады.

Ошондой эле директор З. Эргешов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Мутакалим” коомдук фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызына алкыш баракчасын тапшырды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *