КР президентинин делегациясында коронавирус аныкталгандар ооруканага жаткырылды

Мезгил

  Кечээ, 24 –июнда Москва шаарынан келген кыргызстандык делегациянын ичинен коронавирус аныкталган эки адам Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына жаткырылды.  Бул тууралуу  онлайн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Ал эми калгандары үч күндүк обочолонууда.  

“Инкубациялык учур 14 күн, делегация мүчөлөрү үч күндөн кийин анализ тапшырат, таза чыкса иштей беришет”, — деди ал.

Кечээ, 24-июнда, Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *