Кремль: Жээнбековдун туура кабыл алынган чечим үчүн ыраазычылык билдиребиз

Мезгил

Сооронбай Жээнбеков салтанатка катышып жаткан ардагерлерге жана башка өлкө башчыларынын саламаттыгына коркунуч жараткысы келген жок. Биз мындай туура кабыл алынган чечим үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин бир топ орус басылмалары жазып чыкты.

-Биз чындыгында Москва шаарына майрамдык парадка катышуу үчүн келген Кыргызстандын  президенти Жээнбековго жана делегация мүчѳлѳрүнѳ ыраазыбыз. Ѳкүнүчтүүсү, делегация мүчѳлѳрүнүн айрымдарынан вирус чыгып президент парадга катышпоо чечимин кабыл алды.

Биринчиден ал ардагердердин саламатыгына, экинчиден бѳлѳк ѳлкѳ башчыларынын саламатыгына коркунуч жараткысы келген жок. Биз мындай туура чечими үчүн ыраазычылык билдиребиз — деди Песков.

24-июнда, Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус чыгып, президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадка катышпоо чечимин кабыл алган.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *