КСДП Кожобек Рыспаевди партиянын мүчөлүгүнөн чыгарды

Мезгил. 

Бүгүн, 29-августта КСДПнын саясий кеңеши партиянын жобосунун 2 -пунктуна таянып, Рыспаев Кожобек Жайчыбековду мүчөлүктөн чыгарды. Мындай чечимин депутаттын партиянын негизги максатына, милдетине жана жобосуна карама каршы келген аракетине байланыштырды. Бирок, партиянын катчылыгынын маалыматында, Рыспаев КСДПга жакпай калгандай кандай жоруктарга барганы так көрсөтүлбөгөн.

Ошондой эле, КСДПнын саясий кеңеши Кожобек Рыспаевдин Жогорку Кеңештеги жылуулук-энергетикалык комплекс жана кендерди иштетүү комитетинин төрагалыгынан чакыртып алууну да сунуштаган. Андан тышкары убактылуу комиссиялардын, жумушчу топтордун, туруктуу делегациянын курамынан чыгаруу  айтылган.

Мыйзамга ылайык, партиянын катарынан чыгарылган депутат мандатын сактай алат. Эч бир партия эл өкүлүн мүчөлүктөн чыгаруу менен мандатын тартып ала албайт.  Ошол сыяктуу эле комитеттин төрагалыгынан депутатты түшүрүү да партиянын укугуна кирбейт. Мыйзамда кайсы бир депутатты комитет төрагалыгынан четтеттүү үчүн фракциянын чечими керек деп белгиленген.

Кожобек Рыспаев КСДП аркылуу парламентке депутаттыкка шайланып келген. Аталган партия буга чейин да катарынан депутат Жанар Акаевди чыгарган. Эгер КСДП фракциясы партиянын чечимин колдосо, Рыспаевге комитет төрагалыгын тапшыруудан башка айла калбайт. Партия чечимин чыгарды, анын аткарылышы фракциядан көз каранды.

Булак: Мезгил Ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *