КСДПсы сот ачык өтүшүн талап кылууда

Мезгил

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев Кыргызстан социал-демократиялык партиясы Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу кылмыш иши боюнча сот ачык өтүшүн талап кылып жатканын билдирди.

-Бул соттук отурумдарга каалагандардын баары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катыша алгыдай болушу зарыл. баштапкы угуу Жазык-процесстик кодекске ылайык жабык өтүп жатат, ал эми соттук териштирүү ачык өтүшү керек , – деди Жоошев.

Ошондой эле жактоочу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча каралып жаткан соттук териштирүүдө айыпталуучулардын адвокаттары бул иш тууралуу Башкы прокуратуранын айыптоо корутундусун артка жиберүүнү өтүнүшкөнүн айтат. Бирок сот бул өтүнүчтү четке каккан.

Жоошев, сот азыр адвокаттардын экинчи  «ЖЭБди модернизациялоодо 111 млн. доллар зыян келтирилген» деген экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүчүн карап жаткандыгын кошумчалайт.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн ЖЭБдеги коррупция үчүн айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу жабык өтүп жатат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *