“КТ Мобайл”: Эрназар Иманкадыр уулу алган айлыгын кайтарып берди

Мезгил

   «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу 2019-жылдын январь-апрель айларына алган айлыгын ишкананын кассасына кайтарып берди. Бул тууралуу анын атасы Иманкадыр Рысалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» ишканасына байланыштуу коомчулукта жүрүп жаткан кызуу талкуудан улам, 787 миң сом айлык акысын кайтарып берген. Бул сумма Эрназар Иманкадыр уулунун быйылкы жылдын январь-апрель айларында алган айлыгы. Ага ай сайын 157 миң сомдон эмгек акы төлөнүп турган.

 Чыр жараткан  «КТ Мобайл» – 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.

Эске салсак, буга чейин «КТ Мобайлдын» жетекчилеринин маяналары 300 миң сом деген маалымат тараган. Андан соң, 16-майда «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өз арызы менен кызматынан кеткен. Бул боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, учурда иш алып барууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *