«КТ Мобайл» ЖЧКнын баардык жетекчилиги кызматтан кетти

Мезгил

«КТ Мобайл» ЖЧКнын баардык жетекчилиги өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда «Кыргызтелеком» ААКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Акматов билдирди.

Анын айтымында, алгач иштен кетүү тууралуу арызын директордун орун басары Эрназар уулу Иманкадыр тапшырган. Ага кол коюлду.  Андан кийин ишкананын генералдык директору Нурбек Мукамбетов да арыз берген.

«Анын арызы да канааттандырылган. Ал арада бул боюнча көтөрүлгөн чуудан улам «КТ Мобайл» ЖЧКсынын бардык жетекчилиги отставкага кетүүнү чечишкен», — деди Эмил Акматов.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *