КТРКнын жетекчилигине 19 адам ат салышат

Мезгил

КТРКнын жетекчилигине талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктады. Бул сынакка жалпысынан 22 адам документ тапшырган.

Алардын үчөөнүн документтери толук эмес болсо, 10 талапкердин «диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмес» деген кепилдик каты жок жок болуп чыкты.

Тактап айтканда, КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карап, Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимованын  документтери толук болбогондуктан сынактан четтетишти.

Ал эми 10 талапкер “диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмесмин” деген кепилдик каты жок экени айтылып, үч күн аралыгында кат алып келүүгө милдеттендирилди.

Азырынча КТРКнын башкы директорлугуна ат салыша турган тизме төмөндөгүдөй:

  1. Илим Карыпбеков
  2. Дүйшөк Мамбетөмүров
  3. Алим Токторов
  4. Ибраим Нуракун уулу
  5. Адил Турдукулов
  6. Жайнак Үсөн уулу
  7. Мирлан Самыйкожо
  8. Мирбек Мурзабеков
  9. Малика Курманова

Башкы директорду шайлоо 14-мартка белгиленди. “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.

Сынактын талаптары:

Сынактын талаптары боюнча, талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү жана түшүнүп-баамдоосу зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт.

Катышуу тартиби:

Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өздүк таржымалын, өмүр баяны, паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн, жана башка документтерди камдашы керек. КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып бериши керек.

Зарыл болгон учурда Байкоочу кеңеш кошумча маалыматты суроого акылуу. Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Ар бир кийинки баскычка андан мурдагы баскычта коюлган талаптарга ылайык тандалып, өткөн гана талапкерлер чакырылат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *