Кубан Чороев: Ал өч алса да саясый талаанын мыйзамдары менен күрөшсө керек

Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда “Апрель ТВ” каналына маек куруп, журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берген. Анда ал азыркы бийликти “Бакиевдин жолуна түштү” деп айыптагандан да кайра тарткан жок.

Мурдагы өлкө башчысы менен азыркы өлкө башчысынын тегерегинде болуп жаткан окуялар тууралуу белгилүү экономист, серепчи Кубан Чороев эгерде Сооронбай Жээнбеков маалымат саясаттын адекваттуу жүргүзө алса, Алмазбек Атамбаевдин саясий жумшак жүрүштөрүнөн коом дагы утушта болушу мүмкүн экендигин айтат.

-Мен болуп жаткан окуяларды саясий процесстин бир бөлүгү катары баалайм. Экс-президент Атамбаевдин мындай саясий жумшак жүрүштөрүнөн коом дагы утушта болушу мүмкүн, эгерде Президент Сооронбай Жээнбеков да маалымат саясатын адекваттуу жүргүзө алса. Мындай узак мөөнөттүү тактикалык жана стратегиялык маалымат согушу Президент Сооронбай Жээнбековду авторитардык жана үй-бүлөлүк башкаруудан карманууга, ошол эле убакта Парламенттин ролун саясий чечим чыгаруучу борборго айлануусуна, коомчулуктун талабына жооп берген күчтүү Өкмөттү курууга жакшы шарт түзөт.

-Сиздин көз карашыңызда өлкө башчысы мындай кырдаалдан утуп чыгуу үчүн кандай кадамдарга барса тура болот?

-Мындай саясий кырдаалда Президент Жээнбековдун саясий миссиясы келе жаткан 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоону таза өткөрүп, коомдук саясий балансты чагылдырган Парламентти алып келүү болсо керек.

Саясий күчтөргө бирдей, теңдик мамиле кылуу менен, жана аларды шайлоо мыйзамдарына адилеттүү өзгөртүүлөргө аралаштыруу менен бүгүнкү күндөгү балансты сактап калса болот. Ошондо Президент Жээнбеков бул процессте жана маалымат согушта утушта болот.

Ал эми, эки президенттин эрегишүүсү мындан ары күчөп кетсе, мындан экөө тең утулушта болот, өтө көп көөнү бири бирине сүйкөп, бири абройун жоготсо, экинчиси ишенимди жоготуп койуусу мүмкүн.

– Алмазбек Атамбаевдин мүнөзүнө баа бреген айрым саясатчылар аны «кекчил, Жээнбековдон өч алуу үчүн баарына барат» – деп айтып жүрүшөт. Сиздин оюңузча, Алмазбек Атамбаев мамлекеттик машинага каршы чыгууга кудурети жетеби?

-Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы, ошондуктан албетте, чектен чыгып иш жасабайт. Ал өч алса да саясий талаанын мыйзамдары менен күрөшсө керек. Ал үчүн анын партиясы, информациялык ресурстары жетиштүү экени баарына малым.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *