Кубаныч Кадыров: Батукаевди күч кызматкерлери Токмоктон кармаганда Илмиянов бошоттурган

Мезгил

Батукаевди Нарындан алып келе жатканда Токмоктон КМККнын (Кыргыз мамлекеттинин кылмыштуулукка каршы кызматтын) кызматкерлери кармаганда айтылуу “шопур” И.Илмиянов бошоттурган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты Кубаныч Кадыров билдирди.

-Кандай аракет кылса да, Батукаев Атамбаевдин буйругу менен бошогонун кыргыз эли жакшы билет. Мындан тышкары Батукаевтин иши боюнча И.Илмияновду дагы сураш керек. Себеби аны Нарындан алып келе жатканда Токмоктон УБОПтун балдары кармаганда “шопур” бошоттурган. Ошондой эле Суйунбаевди дагы суракка алыш керек. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Батукаевден абдан кымбат белек алган-деди Кубанычбек Кадыров.

ИИМнин мурунку орун басары мыйзам баарына бирдей экенин, ошондуктан Атамбаев дагы элдей сот алдында жооп бериши керектигин кошумчалайт.

– Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө жазылып турат. “Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзам алдында жана сотко бирдей жооп бериш керек”- деп жазылып турат. Ошондуктан Атамбаев да элдей эле жооп бериш керек. Ал биринчиден, өзүн экс-президент сезип жатса керек. Экинчиден, күнөөсү болгон үчүн коркуп келбей жатат. Үчүнчүдөн өзү арыз жазып берип катышпаймын десе, анын катышуусу жок сот болгонго мыйзам жол берет. Өзү убагында келбей качып кеткендерди сыртынан соттотуп жүрбөдү беле. Ал кууланып жатат, “ушинте берсем, менин катышуумсуз сот болот да, кийин эл алдына чыкканда мени катыштырбай соттоткон деп айтам” деп-деди Кубаныч Кадыров.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *