Кубанычбек АПАС: “Мен өзүмдү дүйнөлүк деңгээлдеги лидер катары сезем”

 

Мезгил

Кубаныч мырза, учурда эмне менен алексиз? Кыргызстанда алдыда парламенттик шайлоо болгону турат. Сиз келип катышасызбы?

–Мен парламентке катышканга узак жол бар жашыма караганда. Анткени, мен президент болушум керек. Мен өзүмдү эң залкар кыргыз саясатчысы, дүйнөлүк деңгээлдеги лидер катары сезем. Трамп жана Путинден эки эсе жогору. Алар жөнөкөй эле адамдар, бирөө бизнесмен, экинчиси офицер. Бир дагы окумуштуу наамы жок. Профессионалдуу саясатчылар эмес. Трамп болсо демократтар менен согушуп, рейтинги түшүп атат, Путин болсо экономиканы талкалады, стагнациядан азыр төмөн түштү. Ошондуктан, бүгүнкүдөй эң оор доордо Кыргызстан тажрыйбалуу, эффективдүү президент Кубанычбек Апаска муктаж. Жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берсем, мен кыргыз Гулливеримин. Кыргыз саясатында сейрек, миң жылда төрөлөт деп айтпадымбы. Доктор Апассыз Кыргызстан эч качан бутуна турбайт. Менин деңгелиме тенелген кыргыз жок. Ошондуктан, кыргыз элим мени туура түшүнүп, тез колдосо болмок. Анан калса көп кыргыздар мени «серьезно» түшүнбөйт, баалабайт, керек болсо шылдыңдашат, өзүн макташат. Бүгүн Бишкек бир чоң айылга айланды, цивилизациядан алыстап кеттик 30 жылга. Албетте, мен орус мектепти бүттүм. Кыргыз тилди Мадумаровдой билбеймин. Ой кокуй, мага тенелген кыргыз саясатта али төрөлгөн жок. Мага терен бааны орус, англия, Америкадагы саясатчылар эчак эле беришкен. Мисалы, МамДума депутаттары Геннадий Гудков, Андрей Савельев, Америкадагы Карнеги фонду эн белгилүү журналисттерди чакырып, бүт дүйнөдөн мага чоң пресс-конференция уюштурган. Чоң банкет менен кошо. Албетте, өздөрүнүн акчасына. Алар жөн адамдарды чакырбайт. Так, что Кукеңер – кыргыз улутунан чыккан дүйнөлүк деңгээлдеги таланттуу саясатчы. Ошондуктан, азыркы оор доордо кыргыз улуту жана мамлекет сакталыш үчүн шаардык «киргиздер» Кыргызстанды көтөрөт. Ким дебейсиңерби? Кубаныч Апастай ажо. Ушул акылды азыр эл түшүнө баштады.

–Сиз анан качан болосуз президент? Сиз болсоңуз эле жыргайбыз да ээ?

–Суроону башкача беришиң керек. Мисалы сен, «Кубанычбек ага, биз жардам берелик сизге, тез президент болуп, сиз эң жаңы заманбаптуу, эч кимге окшобогон, профессионал президент катары иштеп бериңиз кыргыз элине» – депчи? А сен антип суроо бергендин ордуна шылдындап атпайсыңбы – «жыргайбыз ээ» – деп.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *