Кубанычбек Кадыров: Атамбаев Батукаевден 15 миллион доллар алган

Мезгил

Атамбаев Батукаевден 15 миллион доллар алган. Бул тууралуу коомдук ишмер, Ички иштер министринин мурунку орун басары Кубанычбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында ал бул маалыматты алгачкы жолу айтып жаткан жок. Атамбаев президент кезинде эле айтып чыккан, бирок эч ким көңүл бурган эмес. 

-Мурунку ИИМдин орун басары катары айтсам, мага жеткен оперативдүү маалыматтар боюнча, Батукаевдин чыгышы 15 миллион долларга бааланган. Атамбаев Батукаевден 15 миллион доллар алган-деди Кубаныч Кадыров.

Коомдук ишмер Атамбаевдин сотко келбей жаткандыгын негизги себеби, ал бийлик тараптан күч колдонушун күтүп жатат. Ошондой эле ал эгерде Атамбаевге күч колдонулса  дүйнөлүк мамлекеттердин жана элдин алдында укугу тебеленген адамдай көрүнүп, элдин көңүл борборуна алынат деп кошумчалайт.

-Атамбаев куу, такымын жеген саясатчы. Ал бийлик тараптан күч колдонушун күтүп жатат. Анткени, аны сотко алып келүүгө күч колдонулса, дүйнөлүк мамлекеттердин жана элдин алдында укугу тебеленген адамдай көрүнүп, элдин көңүл борборуна алынат. Дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурат. Ага араачы түшчүлөр чыга баштайт. Ошон үчүн бийлик провокацияга алдырбай күнөөсү болгон үчүн сотко катышуудан баш тартып жатат деп элге жакшылап түшүндүрүшү керек. Каршылык катары ачкачылык кармаса өз иши. Ден-соолугун врачтар көзөмөлдөп турат. Бирок ачкачылык кармоого духу жетпесе керек, анын жаны абдан таттуу. Күнөөм ачыкка чыгып калат деп кооптонуп коркуп элди алаксытчу түрдүү ыкмаларды жасоого ашыгып жатат-деди Кубаныч Кадыров.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары “Манас” эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Баштапкы соттук угуу 15-октябрда башталган. Ага айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тартканы үчүн катышкан эмес.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *