Кубанычбек КАДЫРОВ: “Боронов сегизинчи ирет ант бермей болууда…”

Мезгил

Кубанычбек мырза, өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун келээри маалым болууда. Айтыңызчы, бул фигура оор шартта элге үмүт жаратып, өкмөттүн ишин тартып кете алабы?

–Тартып кете алат. Себеби, Кубатбек Боронов премьер-министр болуп калса, сегизинчи жолу ант берген болот. Биринчиден, ал өкмөттүн курамындагы эң тажрыйбасы көп саясатчы. Экинчиден, өз убагында өзгөчө кырдаалдар министри болуп 7 жыл катары менен жакшы иштеген. Бул министрлик оор жана абдан жоопкерчиликтүү кызмат болчу. Мен саясатчы катары айтаарым, Кубатбек Бороновго болгон тандоо туура болду. Өлкөбүздүн алдында парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча чоң саясый иш чара турат. Ошол шайлоону жакшы өткөргөнгө күчү, акылы, калыстыгы жетет деп ишенем. Мындан тышкары экономиканы дагы унутпашы керек.

Аткаруу бийлигинен мурда-кийин тажрыйбасы жок, айтылуу Шакинин көздөй кадры Алмаз Баатырбеков өкмөттөгү биринчи вице-премьерликке барышы канчалык деңгээлде татыктуу болду деп ойлойсуз?

–Мен Алмаз Баатырбековду тээ салык системасында иштеп жүргөндөн бери билемин. Алмаз табиятынан токтоо, сабырдуу саясатчы. Экинчиден, ал бир топ мамлекеттик кызматтарда башчы болуп иштеген. Үчүнчүдөн, чынын айтыш керек, экономиканы, чарбаны жакшы түшүнгөн адис. Татыктуу деп ойлоймун.

–Парламенттен тыңгылыктуу ооз ачпагандар өкмөттөгү негизги орундарга татыктуу боло беришеби?

–Аз сүйлөп, көп иш кылган жигит!

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *