Кубатбек Боронов: Электр энергиясына болгон баа өзгөртүүсүз калат

   Мезгил

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев электр энергиясына болгон баага  кызыкты.    

“Элдин баары кышында жылыткычтарды колдоно башташат ошондуктан электр энергиянын баасы боюнча биз фракциянын отурумунда сунуштарды бердик эле. Баасын төмөндөтүү боюнча же же бир тарифти киргизүүнү сунуштаганбыз.    Бул боюнча иштер кандай багытта жүрүп жатат. Кубатбек Айылчиевичтен өкмөттүн позициясын билгим келип жатат?”- деди  Жээнчороев.

  Вице-премьер- министр Кубатбек Боронов депутаттын бул суроосуна жооп берип, электр энергияга болгон баа өзгөрүүсүз кала тургандыгын айтты. 

“Тариф боюнча мен буга чейин суроо болду эле айтып кеттим.  Тарифти жакынкы күндө киргизебиз, азыр кабыл алынып документтер өкмөттө каралып жатат.  Электр энергияга болгон баа өзгөрбөйт, ушул боюнча калат. Сиз айткандай 700 кВт/ саат лимитти өзгөртүү боюнча  бул жерде бир нече варианттарды карап жатабыз” -деди Боронов. 

Белгилей кетсек, азыркы тарифке ылайык, электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет. Андан тышкары, ишканалар үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын наркы 2 сом 20 тыйындан каралган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *