Кубатбек Боронов менен Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти

 Мезгил

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *