Кубатбек Боронов Премьер-министр катары биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү

    Мезгил

Премьер-министр Кубатбек Боронов вице-премьер-министрлер жана өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчыларынын катышуусунда биринчи жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Кубатбек Боронов Өкмөттүн иши өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган системалуу өзгөрүүлөрдү улантууга багытталат деп белгиледи. 

Премьер-министр  Өкмөттүн ишинин 11 артыкчылыктуу багыты бар экенин айтты.

«Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, коррупцияга каршы күрөшүү саясатына басым жасоо жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо зарыл. Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу бир катар маанилүү милдеттерди аткаруу мөөнөтү кийинкиге жылдырылган. Биздин милдет – канча иштей турганыбызды ойлонуп отурбастан, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү. Кандайдыр бир кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Ар бир жетекчинин милдети – орун алган маселелерди өз убагында жана ыкчам чечүү, күн сайын жарандардын жашоосун жакшыртуунун жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуунун үстүндө иштөө болуп саналат», – деди Кубатбек Боронов. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *