Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна барат

  Мезгил

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат. 

Мындан тышкары Премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Кол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугушту оорулар бөлүмүнүн имаратын ондоп-түздөө иштери менен таанышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *