«Кумтөр» долбооруна тийиштүү экологиялык соттук териштирүү токтотулду

Мезгил

“Centerra Gold” компаниясы кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн стратегиялык келишимге ылайык, тараптардын «Кумтөр» долбооруна тийиштүү экологиялык соттук териштирүү токтотулду.

Келишимге ылайык, “Centerra Gold” компаниясы кыргыз тарапка экологиялык жана социалдык фонддорго ар кандай төлөмдөрдү төлөп берет. Мындан ары кызматташтык күчүнө кирип, киреше табуу менен экологияны коргоо натыйжалуу болоору белгиленди.

Ошондой эле кыргыз өкмөтү “Centerra Gold” компаниясы менен буга чейин стратегиялык келишим түзүшкөн. Анда “Centerra Gold” компаниясы тарабынан жаңы түзүлгөн аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, андан соң 12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм жана бул фондго айына “Kumtor Gold Company” компаниясынын 0,4% эквиваленттүү кирешеси чегерилээри айтылган.

Мындан сырткары Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм төгүлүп, Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөрү макулдашылды.

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн канадалык “Centerra Gold” ишканасын 2013-жылдан бери сотко берип, миллиондогон доллар кенемте талап кылып келет.

Кумтөргө байланыштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган кезде кол коюлган. Анда “Centerra Gold” Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгон. Буга жооп катары кыргыз өкмөтү “Centerra Gold” компаниясына карата берген экологиялык доодон баш тартмак.

Бирок Сапар Исаковдон кийин кызматка келген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев “бул келишим өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт” деп жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган. Азырынча өкмөт “Centerra Gold” компаниясынын акыркы билдирүүсү боюнча үн ката элек.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *