Кумтөрдүн эки кызмкерин издөө иштери токтотулду

   Мезгил

ӨКМнын кызматкерлери тарабынан бир айдан ашуун убактан бери Кумтөрдүн эки кызматкери изделип жаткан. Кечээ 9-январда жоголгон Кумтөрдүн кызматкерлеринин жакындарынын чечими менен издөө иштери токтотулду. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов билдирди.

Акматов издөө ишинде  болгон күчтөр баардык аракеттер жумшалганын бирок, натыйжада  техникалар гана табылганын айтты. 

 “Биз болжолдогон жерлердин баарын казып карадык, жыйынтык болгон жок. Жер көчкү алдында калган төрт техника, тетиктери табылды. Бирок жумушчулардын сөөгү табылбай калды. Акыркы он күндө издөөгө туугандары да аралышып, бардыгы көрсөтүлүп жаткан. 9-январда туугандары менен кеңешип, издөөнү токтотолу деп чечтик. Муфтияттан сурасак, жаназасын окуса болот экен. Ал эми компания жоголгон жумушчулардын жакындарына кенемте төлөп берет”деди Акматов.

Эске салсак, 1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчусу — тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз жоголгон. Андан бери кендеги казуу иштери токтоп, жумушчуларды издөө жүрүп жаткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *