Кундуз Жолдубаеванын тагдыры тараза ташына коюлду. Кай жагына оойт?

Мезгил

22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отуруму уланды. Бул иш боюнча 14 айыпталуучу бар. Алардын бири – мурунку президент Алмаз Атамбаев. Соттук териштирүү жабык режим астында өтүүдө.

КСДПнын маалыматы боюнча, отурумда мамлекеттик айыптоочулар бүгүн Кундуз Жолдубаевага коюлган айыпты угузду. Жолдубаева айыпта айтылган 7 берене боюнча тең күнөөсүн мойнуна алган жок. Ага карата коюлган айыптардын мазмунуна төмөндө көз чаптырсаңар болот:

  1. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу.

  2. Кылмышты уюштуруу же анын аткарылышын жетектөө — адамдарды барымтага алуу же кармоо.

  3. Кылмышты уюштуруу же анын аткарылышын жетектөө — массалык баш аламандык уюштуруу.

  4. Адамдардын тобу менен көмүскө бүтүмгө келип, курал жана ок-дарыларды сактоону уюштуруу.

  5. Көзөмөл органына карата анын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук колдонууну уюштуруу.

  6. Тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу, тактап айтканда сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук жаратуу максатында тергөөчүнүн ишмердигине кийлигишүү.

  7. Бийлик өкүлүнүн өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жараткан зомбулук көрсөтүү же аны колдонуу менен коркутуу.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаевдин ишинде коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай дооматтарды бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *