КУОКтун төрагасы Шаршенбек Абдыкеримовдун башына карата дагы бир “таяк” ыргытылды

Мезгил

 

Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болууга татыктуу эмес

Бул тууралу пикирин Кыргыз Республикасынын пауэрлифтинг федерациясынын башчысы, экс-депутат Бакыт Керимбеков “VB.KGге”  билдирген. Анын айтымында:

–  Абдыкеримов олимпиадалык комитеттин башчысы болуп туруп, Эл аралык олимпиадалык комитеттин эрежелери жөнүндө билбейт. Бул эл аралык олимпиадалык комитеттин эрежелерин тоотпой коюу болуп жатпайбы. Анын бул эрежелер боюнча түшүнүгү бар экендигинен шек санаймын. Шаршенбек Абдыкеримовду президент кылып шайлаган убактан бери мен анын кабыл алуусуна кире албай жүрөм. Ал өз жумуш ордунда такыр болбойт. Ошондуктан аны “улуттук олимпиадалык бекерпоз” деп өзүмчө атап алгам. БУУнун спорттогу күчөтмөгө (допингге) каршы күрөшүү боюнча конвенциясы бар, ага дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан да кол койгон.

Бул конвенция боюнча Эл аралык олимпиадалык комитет тарабынан таанылбаган спорттун түрлөрүнө мамлекеттик жардам берилбеши керек. Аларды мамлекеттик телевидение да көрсөтпөөгө тийиш. Эң башкысы бул таанылбаган спорттук мелдештерде мамлекеттик гимн ойнолбой жана желек көтөрүлбөшү керек. Анткени тиешелүү конвенцияга биз кол койгондон кийин, мындай укук олимпиадалык спорттун түрлөрүнө гана берилет.

Хабибди сыйлайбыз, бирок аны чакыруу КУОКтун жетекчисинин иши эмес

– Мен Абдыкеримовдун Хабиб Нурмагомедовду чакырганын билгенимде, ал кишиге кайрылуу пайдасыз болорун түшүндүм. Анын Эл аралык олимпиадалык комитеттин курамына кирген КУОК жетекчиси болуп туруп, олимпиадалык комитеттин атынан, олимпиадалык коомчулук тарабынан таанылбаган спорттун түрү менен машыккан спортчуну чакырууга укугу жок болчу.

“Даңк” медалын ыйгаруу жакшы, бирок ал да КУОКтун жетекчисинин иши эмес

– Шаршенбек Абдыкеримов менен Канат Аманкулов Валентина Шевченкону “Даңк” медалы менен сыйлоого сунуштап, өлкөбүздүн президентин да өтө оңтойсуз абалга калтырышты. Алар президентке Эл аралык олимпиадалык комитеттин эрежеси боюнча аны мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого болбойт, анткени эрежесиз мушташ олимпиадалык коомчулук тарабынан таанылбагандыгын президентке айтышы керек эле. Дегеле болбоду дегенде Шевченкого автоунаа, батир же акчалай сыйлык берилгенде туура болмок.

Бул жерде биздин өлкөнүн аткаминерлери олимпиадалык эрежелерди сактабай жаткандай болуп калууда. Мына ушундай себептерден ал УОК президенти болууга татыктуу эмес. Абдыкеримовдун ордуна спорт жана олимпиадалык эрежелер боюнча түшүнүгү бар, билимдүү адам болушу керек, – дейт экс-депутат Бакыт Керимбеков.

Чын эле, мурдагы депутаттын айтканына абай салсак, уюткулуу маани жаткандай. Олимпиадалык оюндарга кам көрүүнү эрте баштабасак, эртең жыйнаган “түшүмүбүз” кодура болуп калышы ыктымал. Деги эле буга чейин КУОКко жетекчи катары жалаң байлар, көпөстөр шайланып келгени өзү шектүү. Айрым маалыматтар боюнча олимпиадага спортчуларды даярдоого эбегейсиз акча каражаттары бөлүнүп, аны кандай пайдалангандыгы тууралуу жетекчилик эч кимдин алдында дурустап отчёт бербейт экен. Башкача айтканда каражатты каалагандай пайдаланганга чоң мүмкүнчүлүк бар дешет. Бул тууралуу атайын иликтөө жүргүзүп көрүү керек деп турабыз.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *