Кургак териге арналган маскалардын түрлөрү

Мезгил

Териңиз кургак болсо, ага өзгөчө кам көрүп жок дегенде жумасына  эки жолу азыктандыруучу маска жасап коюу керек. Кургак терилерге этияттык мамиле кылбаса, бырыштар эрте түшө баштайт. Ошондуктан алдын алып,  дайыма нымдандырып азыктандырып туруу кажет. Төмөнкү эң жөнөкөй азыктардан жасалчу маскаларды даярдап коюп көрүңүздү сунуштайбыз.

Банан маска

Бир бананды алып эзип ага бир чай кашык зайтун майын жана жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып, даяр болгон масканы 15 минут бетиңизде кармайсыз. Убакыт болгондо бетиңизди муздак суу менен жууп салыңыз. Андан кийин азыктандыруучу кремден сүйкөп койсоңуз болот. Бул масканы уктаарга жакын коюу сунушталат.

Цитрус жемишинен жасалган маска

Апельсин ширесине жумуртканын сарысын, зайтун майын жана бир чай кашык бал кошуп аралаштырасыз да аны 20 минут бетиңизге, моюнуңузга коесуз. Убакыт болгондо жылуу суу менен чайкап салыңыз.

 

Быштак маскасы

Кургак териге быштактан жасалган маска да пайдалуу азыктандырып нымдандырат. Быштакка сүт жана бал кошуп даярдап аны бетиңизге коесуз дагы 25 минут болгондо жылуу суу менен чайкап саласыз. Бул масканы жумасына эки жолу кылып турган жакшы. Айрыкча бети түлөп аябай кургаган бетти калыбына келтирет.

Каймак менен петрушка маскасы

Бул маска бетти агартып гана койбостон, жумшартып жүзүңүздүн өңүн ачат. Майлуу каймакка петрушканын ширесин кошуп аралаштырасыз дагы даяр болгон соң аны жарым саат бетиңизге кармайсыз. Убакыт болгондо жылым суу менен чайкап салыңыз.

Эскертүү:  Териңиз кургак жана сезимтал болсо бул маскаларды коюуга болбойт.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *