Курманбек Бакиев көчөсү деп атап алгандарды жазалайбыз дешти

   Мезгил

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөгө Курманбек Бакиевдин ысымын берүү тууралуу токтом жокко чыгарылат. Бул тууралуу аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкен.

Көчөгө Курманбек Бакиевдин ысымын айылдык кеңештин депутаттары ыйгарышкан. Бул тууралуу райондук жана облустук администрация билген эмес. Көчөнүн башындагы тактайдагы жазуулар алынып салынды. Бул ишти жасагандар жазаланат деп билдиришкен облустук атка минерлер. Бирок айыптуулар кандай жаза алары тууралуу так айтышкан эмес.

Курманбек Бакиев атындагы көчө тууралуу уктап жаткан аңкоо бийлик өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу билишкен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *