Курманбек Осмонов: Карапайым эл «сотко барып адилеттик таптым» дегенде гана реформа болот

Мезгил

Кыргызстанда 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери сот тармагын реформалоо тууралуу айтылып келет. Ал гана эмес сот реформасын толук ишке ашырууга 2022-жылга чейин 17 миллиард сом керектелери айтылууда.

Ал  эми көпчүлүктүн көйгөйүнө айланган бул тармакта канткенде реформа болуп, качан соттордун таразасынын ташы так тарылат деп ойлойсуз? -деген сурообузга Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында реформанын негизги максаты – адам укуктарынын корголушун жакшыртуу. Ал эми «материалдык-техникалык базаны чыңдоо деген» бул соттук реформага кирбейт.

– Сот реформасы канчадан бери эле болуп келатат. Бийлик алмашкан сайын эле өздөрү каалагандай реформа кылып жатышат. «Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» дегендей болуп жатышат. Ал эми «материалдык-техникалык базаны чыңдоо деген» бул соттук реформага кирбейт.

 

Реформанын негизги максаты – адам укуктарынын корголушун жакшыртуу. Карапайым эл «сотко барып адилеттик таптым» дегенде гана реформа болот.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *