Курманкул Зулушев: Азыр күнөөлүүлөрдү издебегиле деп айтып жатышат. Буга, ким жооп берет?

Мезгил

Коомчулуктун нааразычылыгын жараткан жаӊы кодекс президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Манас Арапбаевдин жеке көзөмөлүндө иштелип чыккан. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда Курманкул Зулушев билдирди.

-Жогорку Кеңештин айрым депутаттары азыр кызуу талкууга түшүп жаткан жаңы кодекстерди кабыл алгандан кийин мамлекеттик сыйлык алышты. Бул кодекстер президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Манас Арапбаевдин жеке көзөмөлүндө иштелип чыккан. Азыр күнөөлүүлөрдү издебегиле деп айтып жатышат. Бирок, карапайым элдин мойнуна ири каражатты илип коюшту. Буга, бүгүн ким жооп берет?, -деди Зулушев.

Курманкул Зулушев кодекс боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн маянасын түшүндүрүүнү талап кылды. Комитет өкмөткө каржылык булакты аныктагыла деп тапшырды.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, кодекстерди иштеп чыгууда бюджеттен акча каралган эмес.

Эске салсак, 2017-жылы 5-июнь күнү Алмазбек Атамбаев н Сот реформасы боюнча кеңештин XII жыйынында президент укуктук базанын жакшырышына салым кошкон Жогорку Кеңештин депутаттары Жаныбек Бакчиев, Максат Сабиров, Алмазбек Баатырбеков, Мирлан Жээнчороев, Асель Кодуранова, Аскарбек Шадиев, Таабалды Тиллаев, Тынчтык Шайназаровго жана ошондой эле  Галина Скрипкинага рахмат айткан.

Ошондой эле сот реформасы боюнча Кеңештин мурдагы катчысы Индира Жолдубаевага жана мыйзамдарды иштеп чыккан эксперттик топтун башчыларынын бири, юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыковага ыраазычылык билдирген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *