Курманкул Зулушев: Мыйзамдар бар, анча-мынча аракеттер бар, бирок адилет сотту тандай алдыкпы?

Мезгил

Сотторду окутуу борборлорунда мурда судьялыкка өтпөй калгандар азыр сотко билимдүү деп өтүп келгендерди окутуп, үйрөтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында 2010-2013-жылдары Сот тандоо кеңешинин курамы кеңири, мүчөлөрү көп болчу. Анда коомдун ар кыл тармагынан өкүлдөр бар болчу. 2016-жылдагы конституциялык реформанын алкагында Сот тандоо кеңешинин курамын 9 адамга чейин азайттылган. Мурда сотторду 3 тур менен тандашса, азыр кандай эреже менен тандап жатышканы белгисиз.

-Кеңешке кирген 9 адамда күнөө жок, маселе аларга жазып берген жоболордо, регламенттерде. Тартип комиссиясына байланыштуу да көп түйшүк жаралды. Азыр соттордун тажрыйбасы эске алынбай калды, соттордун курагы бир топ жашарды. Баарынан кызыгы – сотторду окутуу борборлорунда мурда судьялыкка өтпөй калгандар азыр сотко билимдүү деп өтүп келгендерди окутуп, үйрөтүп жатат-деди Курманкул Зулушев.

Эл өкүлү 2010-жылдан бери сот реформасы коомдогу негизги темалардын бири болуп келе жаткандыгын, “артта калган тогуз жыл ичинде парламент сот реформасы боюнча кандай салымын кошту?» деген суроо тууларын кошумчалайт.

-Тилекке каршы, 2010-жылы «сот системасын толук реформалайбыз, сот адилеттигине жетишебиз» деген максаттарыбыз куру кыял боюнча калып атат. Мыйзамдар бар, анча-мынча аракеттер бар, бирок адилет сотту тандай алдыкпы? Бизде аракеттер бар, натыйжа жок. Мыйзамдарды кабыл алууда, сотторду тандоодо болобу, айрым тараптардын кызыкчылыктары басымдуулук кылгандыктан сот реформасы алга жылбай жатат-деди Курманкул Зулушев

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *