Курманкул Зулушев: Текебаев, Чотоновдор акталып чыгып, күнөөсү жок экени далилденсе тергөөчүдөн тартып бардык сотту жоопко тартыш керек

Мезгил 

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин “экс-президент” макамынан ажыратып, 5-6 айыпты негиздүү деп табышты, аны башкы прокурор бекитти. Мындай чечимдерге карабай укук коргоо органдары аны күбө катары чакырышты. Ал кылмышка шектүү катары чакырылган жок, мурдагы кызматын сыйлашты деп ойлойм. Ага карабай кандайдыр бир кызыкчылыктан улам “саясий күрөштүн тиреши” деп бурмалаганга аракеттенип жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев билдирди.

– Алмазбек Атамбаев  “Кой-Таш республикасы” деп жарыялап, мыйзамга баш ийбей жатты. Ага карабай күч менен кармап келишти. Коррупция менен күрөштүн жаңы кылмыш формасынын бети ачылды деп ойлойм. Себеби бардык нерсени жалтаңдабай так айтышты үйрөнүшүбүз керек.

Атамбаевдин убагында мамлекеттин эсебинен ири долбоорлор менен насыяларды алып, бирок кандайдыр бир пайызын өзүнө ыйгарып алууда кылмыштын жаңы формасы ачылган. Бул кылмышы бардыгына маалым. Бул жерде коррупция менен күрөшүү жүрүп жатат. “Саясий оппонент, достордун ортосундагы тиреш” дегендер айтылууда. Бул достордун эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюу, кылмыштын бетин ачуу деп эсептеш керек. Биз кылмыш жасаган адамды мыйзам чегинде жоопко тартышыбыз керек. Жаңы жолго түшүп, жаңы кадамдарды жасашыбыз керек. Бүгүнкү укук коргоо органдарынын биринчи кадамы туура кылмыштын бетин ачышты. Бирок кандай далилдейт, кантип соттолот бул экинчи маселе – деди Зулушев.

Мындан сырткары Текебаев менен Чотоновдун соттук иши жаңы ачылган жагдайлардан улам, 1-май райондук сотуна кайра жөнөтүлдү. Мындай чечимди коомчулукта да, бизде да “же бийликтен команда келди, же сотторду эркин койду” деген ойлор пайда болду. “Буйрук келеби же, келбейби” дегенге соттор да буга чейинки алты жылдык саясатка көнүп калышкан. Бүгүнкү күндө Манас Арабаевге окшоп, Ак үйдүн администрациясында бир да фамилия атала электигин кошумчалады депутат.

– “Бир адам буйрук берип жатат, туура эмес чечимдер кабыл алынды” дегенди уга элекмин. Демек бүгүнкү күнү соттордун өзүнүн чечими чыкты. Өмүрбек Чиркешовичтердин иши боюнча 1-май райондук соту кандай чечим кабыл алат? Эгерде акталып чыгып, күнөөсү жок экени далилденсе тергөөчүдөн тартып бардык сотту жоопко тартыш керек. Биз ошондо адилеттүулүккө келебиз.

 

Ал эми жаңы ачылган жагдай тергөөдө изилденбей калганы аныкталды. Тергөөчү эмнеге изилдебей калды? Сот эмне үчүн изилдебестен соттоду? Текебаев, Чотоновдор акталып чыгып, күнөөлүү адамдар мыйзам алдында жооп берсе, мындан ары сот да, тергөөчү да буйрук аткарбай калат. Алар кесибин же буйрукту тандайт – дейт Курманкул Зулушев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *