Курсан Асанов иштен кеткени боюнча өз пикирин айтты

Мезгил 

Кечээ, 13-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан алынган. Бул буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми Курсан Асанов эмне себептен кызматтан алынганы туурасында өз пикирин билдирди.

– Кызматтык милдетимди так аткардым деп ойлойм. Жеке кызыкчылыгымды мамалекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон эмесмин. Мундирдин намысы жана генералдын сөзү мен үчүн абдан маанилүү – деди Асанов.

Ошондой эле, 7-8-августта Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуялардан улам Кыргызстанда оор кырдаал түзүлгөнүн белгилеп, ИИМдин жеке курамынын жардамы менен алардын алдын алууга болгон. Ошондой эле ага карата айтылып жаткан маселелер чечилерин, өлкөнүн жана өзүнүн ар намысы алдында таза экенин кошумчалады ИИМдин мурунку орун басары.

Эске салсак, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан четтетилген.

Ага “кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип барган” деген айып тагылууда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *