Курсан Асанов неге министрдин орун басарлыгынан бошотулду?

Мезгил

ИИМдин Басма сөз кызматы министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулгандыгы тууралуу маалымат таратты. Анда: «ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.» деп жазылган билдирүүдө.

Эл сүймөнчүгүнө айланган генералдын кызматтан четтетилгендигин эл кандай кабылдаар экен? ИИМдики туурабы же Курсан Асанов туурабы? Мезгил көрсөтөр. Балким эл билбеген быкыйлар дагы көшөгөнүн артында жашырынып жаткандыр? Же чын эле Асанов Атамбаев менен сүйлөшүп жатып милициянын абирин плинтустан ылдый түшүрүп салдыбы? Антейин десең Кашкар Жунушалиев да жанында, 3-кабаттагы Атамбаевдин эшигин аңдып кошо жүрдү го Кой-Ташта?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *