Курсан Асановдун адвокаты Кашкар Жунушалиевди кызматынан убактылуу четтетүүнү суранды

    Мезгил

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов Асановдун иши тергелип бүткөнчө Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди убактылуу кызматынан бошотуп турурунуу өтүнүп президент менен премьер-министрге кайрылды.

 Адвокат министр өзү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир нече мыйзам бузганын айтты.

 Анын айтымында, тергөө ачык-айкын болушу шарт. Адвокат Жунушалиев күбө катары чакырылган милиция кызматкерлерине басым жасашы мүмкүн деп шек санап жатат.

 Ошондой эле ал Кашкар Жунушалиев муну өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, кызматтык милдетин ашыгы менен аткарган орун басарын жаманатты кылууну көздөп жатат деген пикирин билдирди.

Эске салсак,  13-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан алынган. Бул буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Ал эми Курсан Асанов эмне себептен кызматтан алынганы туурасында өз пикирин билдирип, кызматтык милдетин так аткаргандыгын жана жеке кызыкчылыгынан да мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө коерун   айткан.

  14-августта, Асанов Аскер прокуратурасына сурак берген жана анын үйү тинтүүгө алынган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *