Курсан Асановдун белекке берилген сааттарын жана тиричиликке керектүү акчасын алып кеткен тергөөчүлөр жазаланабы?

Мезгил

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйү “Атамбаевден акча жана баалуу буюмдарды алды” деген шек менен тинтүүгө алынды. Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 2000 доллардан ашык акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кетишкен. Бул туурасында Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

– Үйдөн 2000 доллардан ашыгыраак акча, 1000 сом, 5 жана 10 евро, 5 жана 10 дирхам алып кетишти. Андан тышкары, белекке берилген үч комплект саатты алышкан. Анын бири Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген, экинчисин Тажикстандын президентинин жардамчысынан алган экен. Ал эми аз суммадагы акчаны алып кетишкени үчүн тергөөчүлөр жазаланат деп ойлойм. Анткени мындай акча күнүмдүк керектөөсүнө жумшайм деген бардык эле үйдө болот – деди жактоочу.

Мындан сырткары Курсан Асанов колдонуп жаткан телефонун сурак учурунда тергөөчүлөргө берип, жаңы телефон колдонуп жаткан, бирок ал телефонду да алып коюшкан азырынча телефондору бериле элетигин кошумчалады жактоочусу.

Ошондой эле Айткулов жакын арада Курсан Асановго айып таккан ИИМдин ички иликтөөсүнүн жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип, Башкы прокуратурага арызданарын белгиледи.

Эске салсак, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан четтетилген.

Ага “кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип барган” деген айып тагылууда.

Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *