Курсан Асановго карата кылмыш иши козголду

   Мезгил

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу     Башкы прокуратурадан  билдиришти.  

Маалым болгондой, кылмыш иши  Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон. Генерал-майор Курсан Асанов  учурда сурак берип жатат.

Эске салсак, кечээ, 13-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан алынган. Бул буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Ал эми Курсан Асанов эмне себептен кызматтан алынганы туурасында өз пикирин билдирип, кызматтык милдетин так аткаргандыгын жана жеке кызыкчылыгынан да мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө коерун   айткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *