Кайрылуу: Курултайчылар шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүүнү эңсеген саясатчыларды дебатка чакырат

Мезгил

 

                    Жалпы Кыргыз элине, Кыргыз Республикасынын Президентине Курултайдын Аткаруу комитети кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти төмөндөгүдөй.

Кеп 9 же 3 процентте эмес…

2019-жылдын 22-октябрында Эгемен Кыргызстандын саясатында кыргыз улутунун, мамлекеттин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыгын ар дайым жогору коюп келишкен, кыргыз жерлеринин коӊшу өлкөлөргө берилишине, кен байлыктарынын чет элдиктерге таланышына, Президенттик жеке башкаруунун орношуна чон салым кошушкан, ал эми элдин көйгөйлүү, түпкүлүктүү маселелеринде Конституциялык деӊгээлде  үнүн чыгарышпаган саясатчылар: Ф. Кулов, А. Мадумаров, К. Иманалиев, М. Жээнчороев (Ө. Бабановдун өкүлү), Ө. Текебаев ж.б. А. Атамбаев айткандай “чимкирик” депутат-саясатчылар чогулушуп Жогорку Кеӊешке болгон шайлоого өтүү босогосундагы жаӊы 9 процент тосмону талкуулашты. Алар негизинен 9 процент тосмого каршы экенин, аны  3процентке түшүрүү керектигин айтышты.

   Бул жыйындын КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында өткөнү жана аны бул Академиянын башчысы мурдагы Бакиевдин губернатору А.Акматалиевдин өткөргөнү таӊ калыштуу. Улутчул-мекенчил күчтөрдүн Курултайларынын чечимдерине ылайык элдик демилге менен 4 ай мурда мамлекеттик башкаруунун жана шайлоо системасынын түрлөрү, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги тууралуу мыйзам долбоору даярдалып тийиштүү кол топтолуп Жогорку Кеӊешке тапшырлыган, бирок эмнегедир бул маселеге бийлик жана саясатчылар тарабынан тиешелүү маани берилбей жатканы өкүнүчтүү.

   2007-жылдын күзүндөгү Бакиевдик референдум менен Конституция жана Шайлоо кодекси бир күндө өзгөртүлүп мурдагы Жогорку Кеӊешке болгон бир мандаттуу шайлоо системасы жоюлуп, анын ордуна 100процент партиялык тизме менен шайлоо системасы киргизилген. Жыйынтыгы Бакиевдер каалагандай чыгарылып, ошол замат Жогорку Кеӊеш таркатылып, жаӊы шайлоо дайындалып, шайлоодо Максим Бакиев менен А. Мадумаров түзгөн Бакиевдик үй-бүлөлүк “Ак жол” партиясы жеӊүүчү болуп табылган. Кесепетинде “Ак жолдук” парламент 2 жылдын ичинде мурдагы Жогорку Кеӊештер өткөрбөй келе жаткан Каркыра, Көк-Сай, Маймак, Токмоктун тушундагы 800 метр айлампа жол тилкеси, Ыссык-Көл жээгиндеги 5 пансионат Н.Назарбаевке (Казакстанга) берилсе, кылымдын коррупциясына айланган Кумтөр “Центеррага” жылчыксыз, кынтыксыз эл аралык укуктар менен бекемделип, өзүбүздүн Конституциялык сот жана эл аралык соттор менен кепилденип “түбөлүк” өткөрүлүп берилген.

   2010-жылдын апрель Элдик революциясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн Конституция боюнча жооптусу Ө. Текебаев өз кызыкчылыгын көздөп мурдагы “Акжолдун” ордуна Ата-Мекен партиясы 65процент добуш алып келет деп мелжеп, Бакиевдик 100процент партиялык тизмени сактап калган.

   Андан бери Жогорку Кеӊешке 100процент партиялык тизме менен 2 жолу шайлоо өтүп (2010ж., 2015ж.), кесепетинде эл өкүлчүлүгү болгон Жогорку Кеӊеш Президент уруксат берген партиялардын өкүлчүлүктүү органына айланып, кайрадан Президенттик жеке башкаруу орноп, А.Атамбаев өлкөнү кандай башкарганы элибиз, мамлекетибиз кандай жоготууларга учураганын азыркы бийлик өзү чыгарып жатат. Башкасын айтпаганда да Батукаевдин узатылышы, “Кыргызгаздын” 1долларага сатылышы, Бишкек ЖЭБи, Камбар-Ата ГЭСтериндеги махинациялар, Жер-Үйдүн берилиши, Кумтөрдүн чечилбегени, чек аралардагы чыр-чатактар, жасалма, буйрутма, саясий-куугунтук менен токулган кылмыш иштер, улутташтырылган объектилердин, жерлердин кайра таланышына биз айткан 100процент тизме менен шайланышкан Жогорку Кеӊештин түздөн-түз тиешеси бар. Ошол 2007-жылдан бери Жогорку Кеӊеш Конституциялык өз ыйгарым укуктарын аткарбай Президенттин, анын айланасындагылардын айтканындай гана иштерди аткарып, эл өкүлчүлүгү болгон Жогорку Кеӊешти улам жаӊы келген Президенттердин, анын жакындарынын ишин аткарышкан партиялык клубка айландырышты.

Партиялык тизмеге өӊчөй бай бизнесмендер киргизилип мамлекетибизде саясат менен бизнес, бизнесмен менен мамлекеттик кызматчы бирикти, “Пулуӊ болсо кулуӊмун”- деген заман орноду, улам “Келген Президенттерге, анын жакындарына кызмат кылам”- деген депутат сойкулар кѳбѳйдү.

2016-жылдан бери Улутчул-мекенчил күчтөр өз бирикмесин түзүп (ТЭК) улуттун кызыкчылыгы, мамлекеттин көз карандысыздыгы, кен- байлыктарды элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү, мамлекеттик бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу, Президенттик мыйзамсыз жеке бийликке жол бербөө максатында Конституциянын алкагында бир нече Курултай, жыйын, конференция өткөрдү. Чечимдерин Конституциянын талабына ылайык сунуш катары тийиштүү мамлекеттик бийлик бутактарына жиберди. Ушундай элдин турмушуна, мамлекеттин саясий системасына дегеле келечекке байланыштуу маселелерде кечээги талкуудагы “саясий өзүмчүлдөр” жана “саясий сойкулар”, Курултай, конференцияларга келип кечээгидей ой пикирлерин айтмак тургай, үнүн да чыгарышкан эмес. Алар адаттарынча шайлоо алдында үн чыгарышат жана аракеттенишет.

2018-жылдын 24-ноябрында Улутчул-мекенчил күчтөрдүн Курултайы өткөрүлүп, Курултайда  жогоруда аталган маселелер ишке ашыруу боюнча Аткаруу Комитети түзүлүп  бир жылдан бери расмий бийлик менен конструктивдүү негизде иш жүргүзүп келет.

Эгерде Кулов, Мадумаров, Текебаев, Бабановдор – шайлоо босогосун 3процентке түшүрүп Жогорку Кеӊешке келүүнү эӊсешсе, биз, – Улутчул-мекенчил күчтөр – тескерисинче, Жогорку Кеӊешке болгон шайлоону азыркы Конституциянын 2-беренесинин талаптарына ылайык ар бир депутат элдин элегинен жалпы, теӊ жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен тандалышын талап кылабыз жана бул Конституциялык жобонун, ушул эле Конституциянын 70-беренесинде “пропорциалдуу система менен 100процент (партиялык тизме)” – деп бурмаланышына же анын оӊдолбой келе жатканына бийликтин көӊүл бурушун ѳтүнѳбүз.

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович, жана Жогорку Кеӊештин депутаттары, эгерде сиздер мурдагы Президенттердин кетирген кемчиликтерин оӊдойбуз, каталарын кайталабайбыз десеӊер жогоруда айтылган Конституциянын 2-беренесиндеги шайлоо системасын калыбына келтирүүгө милдеттүүсүӊөр, ошондо жок дегенде шайлоо алдында бир жолу тарыхий саясий иш кылган болосуӊар. Мындан сырткары Жогорку Кеӊештин кароосуна элдик демилге менен 4 ай мурда ушул маселеге байланыштуу мыйзам долбоору киргизилген. Анда шайлоо системасын, башкаруунун түрүн, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин, – Эгемендиктин ээси бийликтин бирден бир булагы болгон жалпы элдин тандоосуна кою сунушу камтылган. Эмне үчүн биз мурдагыдай эле ушундай маселелерди Президенттин же башка саясий тар чөйрө менен чечишибиз керек? Бул жол Акаевден берки бардык Президенттердин жолу болуп келген.

Ал эми шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүүнү эӊсегендерди биз эл алдында дебатка чакырабыз. 2019-жылдын 24-ноябрына пландаштырылып жаткан Элдик Курултайга келгиле. Силер кечээ талкуулаган жана башкаруунун, шайлоо системасынын түрлөрү, Президенттик жеке башкаруу, чек ара, коррупция, кен-байлыктар, Конституциялык баш аламандык жана башка маселелерде, сиздердин да ар бириңердин чоӊ-чоӊ салымыӊар бар, азыр да айрымдарыӊардын партияӊар бийликте жүрүшөт. Келгиле талашыбызды Курултайда элге чыгаралы, эл чечсин…

Курултайдын чечимдерин Аткаруу Комитети              

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *