КУУда мугалимдердин маянасын күзүндө берүү болжонуудабы?

    Мезгил

Ж.Баласагын атындагы КУУнун жетекчилиги университеттин мугалимдерине болгон айлык маяналарынын айрым бөлүгүн жана эмгек өргүүгө карата төлөнүүчү каражатты азыр эмес, күз мезгилинде төлөп бере турушканын кызматкерлер кыжырдануу менен кеп кылышууда. Жетекчилик “студенттер келишимдик негизде белгиленген каражатты төкпөй жатышат. Күзүндө келишим үчүн төлөнгөн каражаттан кайрып беребиз” деген жүйөөнү айтып, алакан жайып жатышканы каңкууланды.

Бул жагынан ректор Канат Садыков жеке өзү үн катып, маселе боюнча “ак” же “көк” дебесе болбойт го? Өлкөдөгү билим берүүнүн флагманы аталган куттуу окуу жайдын мугалимдери кезегинде маяналары алышпаса, башка окуу жайлар тууралуу сөз кылыштын кереги жок да. Улуттук университет баардык жагынан алдыда болушу керек эле да. Чынбы? Ректор Садыковдун 3 жыл мурун окуу жайдын жетекчилигине келе жаткандагы убадалары жел бойдон кала береби? Үн катпайбы? 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *