КУУну “дарылагысы” келген депутат Строкова

    Мезгил

Университеттердин ири башында жүргөн Жусуп Баласагын атындагы КУУ медициналык факультет ачмай болот. Буга парламент депутаты, КСДПчы Евгения Строкова деген ич күйдүлүк кылдыбы, айтоор “Баарын кызматтан кетирип штатка башкаларды алуу керек. Биринчи кезекте ректоратты кубалоо керек. Бул ректордун тушунда баары “хуже” болуп кетти. Мурдагысынын тушунда жакшыраак болчу” деп салды.

Строкованын пикиринде КУУ медициналык факультет ачкандын ордуна алгач өзүнө “дезинфекция” жүргүзсө туура болот экен. Учурдагы ректор окутуучуларга маянасын убагында бере албай жатып, медициналык факультет ачып, акча иштеп табууну көздөп жатыптыр. Депутат айым вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага медициналык факультетти ачтырбоо талабын коюп, жөөлөп кирди.

Депутат айымды кайсыл чаян чагып алды деймин да. Же бул да кесиптеши Карамушкинанын жолоюна түшүп баратканбы? Өткөндө Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага чара колдоно албай, айласы кеткенде аны кызматынан кетирүү боюнча кол топтой баштады эле. Гүлмира Кудайбердиева Строкованы убара болбосун деп кызматынан өзү эле кетип калды. Строкова парламент депутаты болгон менен депутат эмне жасашы керек, кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин билбейт окшойт. Кызмат абалы боюнча ылдый турган министрдин айласын таба албай, көчө кишиси “министр кетсин” деп кыйкыргандай эле, эл аралап добуш топтой баштаган.

Ал арада Строковага тиешелүү фонддон 2 миллион доллардык “былык” чыгып, анысына араң актанып кутулду. Буга чейин жаш балдарды окуткан педагог-психолог, балдар бакчасынын тарбиячысы болгон айымды ЖКга ким сүйрөп келгени белгисиз? Анын деңгээли кесиптештери “базарком”, “шофёр”, “чёрныйлардан” да ылдый, башталгыч класстын мугалиминин гана деңгээлинде экендиги акыркы кезде элге билине баштады.

Ал эми КУУ боюнча Строкованын айткандарында бир аз маңыз бар. Окуу жайда кемчилик толтура. Аны оңдоо керек. Бирок башталгыч класстарга сабак берип көнүп калган депутат айым бул жерде ЖОЖдордун спецификасына жана билим берүү мыйзамдарына, билим берүү саясатына тиши өтө бербестигин көрсөтүп койду. Же Строкова КУУда сабак бербеген болсо, анын ректору Канат Садыков менен кандай келишпестиги бар? Биздин оюбузча бул жерде депутат айымдын колтугуна бирөөлөр суу бүркүп жатат. Кимдир бирөөлөрдүн интригасына кирип алса керек.

КУУ медициналык факультет ачкысы келсе Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарын аткарып, элегинен өтөт. Талапка ылайык келсе макулдугун беришет. Урусааты Строкова менен Өмүрбекова бербейт.   

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *